Бугу 01, 2025
Убакыт: 12:16
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 10,76 чакырымы такталды

18.03.2024 11:44
311
Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 10,76 чакырымы такталды


Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-мартынан 17-мартына чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 10,76 чакырымын макулдашты.

Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда чек аранын калган аймактарын кароо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн