Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 05:27
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алгандардын саны 124кө жетти

30.04.2021 08:26
899
Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алгандардын саны 124кө жетти


Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-апрелдин таңкы саат 7:00гө берген маалыматына караганда, чек арадагы кагылышууда үч жаран каза таап, жарадар болгондордун саны 124кө жетти.


Жаракат алган 25 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке алынып келинип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургиялык борборго жаткырылды.


Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандары орто жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн