Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:23
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Кыргыз-тажик чек арасында акимдер жолугушту

16.05.2022 16:14
1247
Кыргыз-тажик чек арасында акимдер жолугушту

Баткен районунун  акими Учкунбек Жоробаев Ак-Сай айыл аймагынын Тумба жерлигинде Тажикстандын Исфара районунун акими Баховадин Баходурзода жетектеген топ менен жолугушту.


Жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн, Кадастр мамлекеттик мекемесинин, Суу чарба башкармалыгынын өкүлдөрү жана чектеш айыл аймактардын башчылары катышты. Эки тарап чек ара, укуктук тартип, сугат, чарба иштери жана күндөлүк тиричиликте болуп жаткан маселелерди талкуулашкан. Чек аралаш айылдардын тургундары жазгы талаа иштери, сугат учурунда түрдүү чагымчылдык аракеттерге алдырбоосу боюнча иш жүргүзүүнү макулдашты.


Буга чейин талаш-тартыштардын алдын алуу боюнча иш-мерчемдер кабыл алынган.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн