Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 19:57
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери кандай жүрүүдө?

29.04.2025 15:16
26
Кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери кандай жүрүүдө?


Бүгүн 29-апрелде Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн чектешкен жериндеги Стелла аймагында, тагыраагы Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Кошмоло жерлигинде, кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталды.


Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев, демаркация иштерин баштоого онлайн форматта катышып, старт берди.


Иш чарага жеринен УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Мамлекеттик чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев, министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назырбек Бөрүбаев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана чек арачылар катышты.


Чек араны тосуу иштеринин жүрүшү үчүн аталган аймакка атайын талаа шаарчасы курулуп,чек арачылар үчүн шарттар түзүлгөн. Атайын техникалар алынып келинген.


Алдыда биринчи этапта 420км аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына зым тартылат.Бул иш аракеттер жыл аягына чейин бүткөрүү пландалган.


Белгилей кетсек,буга чейин кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери аяктап, 2025-жылдын 13-мартында Бишкекте эки өлкө башчылары чек ара боюнча келишимге кол койгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн