Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 14:45
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Кыргыз-Кыштак айылында 100 миң сом пара алган жер адиси кармалды

Кыргыз-Кыштак айылында 100 миң сом пара алган жер адиси кармалды

 Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын жер адиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу)  туралуу Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Д.га жана жер адиси К.А.га жер участокторун мыйзамсыз берүү жана сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон, 2023-жылдын 16-февралында 50 000 сом акча каражатын кайтарып берүү учурунда жер адиси «К.А.» кармалды.


Кармалган К.А., жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин бергендиги үчүн мурда 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган.


Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн