Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 22:52
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кемин районунда 20 жаштагы кызды ала качкан эки жаран кармалды

13.06.2022 09:06
523
Кемин районунда 20 жаштагы кызды ала качкан эки жаран кармалды

 Кемин районунда 20 жаштагы кызды ала качкан эки жаран кармалды. Бул туурасында Чүй облустук ЖКККБнын маалымат кызматы билдирет.


Маалым болгондой, 11-июнга караган түнү саат 01:50 чамасында Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чым-Коргон айылында кыз ала качуу болду деген маалымат түшкөн.


Ыкчам аракеттердин жыйынтыгында Хонда-Инспайер үлгүсүндөгү унаасы кармалган.

Аталган унаанын ичинде 20 жаштагы А. кызы З. болгон. Кыз ала качууга шектүүлөр 28 жаштагы К.М.Б. жана Д.А.К. кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.


Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн