Нанды үмүт кылбай жеген акырындык менен ачкадан өлүүнү туюндурат.
(Перл Бак)
Үмүт – ийгиликтердин прологу жана кабарчысы.
(Михаил Гуцериев)
Үмүт атүгүл мүрзөнүн алдында да жашайт.
(Иоганн Гете)
Үмүт өлгөн жерде боштук пайда болот.
(Леонардо да Винчи)
Үмүт – сүйүүнүн аса таягы.
(Уильям Шекспир)
Тизеле, “Кудай мени угуп жатат” дегин дагы, ага жалын.
(Тупак Амару Шакур)
Кээде турмуш бизди кирпич менен башка чабат. Өзүңө болгон ишенимди жоготпо.
(Стив Джобс)
Жыргал кандай жагымдуу болсо, жыргалдан үмүттөнүү да ошондой эле жагымдуу.
(Уильям Шекспир)
Эшик ачам деген үмүт менен дубалды ургулагандан пайда жок.
(Коко Шанель)
Биз “деңиз бир күнү тынч алат” деген үмүттөн арылууга тийишпиз. Толкун болуп турганда да сүзгөндү үйрөнүшүбүз керек.
(Аристотель Онассис)
Үмүт – ойгоолордун түшү.
(Платон)
Элдин баары сага үмүт артып атса, кантип тынч отура аласың?
(Нурсултан Назарбаев)
Менин милдетим – адамдардын көңүлүн чөгөрбөстөн, аларга үмүт беришим керек эле.
(Ли Куан Ю)
Лидер – бул үмүт саткан киши.
(Наполеон l Бонопарт)
Мен коом акыр-аягында ичкиликти таштайт, алкоголь биздин кейиштүү өтмүшүбүздү эске салып, музейде гана туруп калат деп үмүт кылам.
(Геннадий Онищенко)
Үмүт дарагы, түптүз болуп өсчү!
(Фрида Кало)
Үмүт менен гана жашаган киши ачкадын өлүшү мүмкүн.
(Бенджамин Франклин)
Кемеде жалгыз якорь жетишсиз болгон сыяктуу, адам турмушта да жалгыз үмүткө гана таянып жашабашы керек.
(Эпиктет)
Үмүт бар жерде коркуу да бар: коркуу дайыма үмүткө толо, үмүт дайыма коркууга толо.
(Франсуа де Ларошфуко)
Менин үмүткө болгон көз карандылыктан арылуума жардам берчи?
(Чак Паланик)
Биз өзүбүздүн үмүтүбүз сымал жашпыз, биз өзүбүздүн коркуубуз сымал картаңбыз.
(Вера Пейффер)
Чеги жок үмүт жана эргүү – жаштардын башкы байлыгы.
(Рабиндранат Тагор)
Сабырдан тажрыйба, тажрыйбадан үмүт жаралат.
(Улук Сенека)
Адамды бетиндеги бырыш эмес, кыял менен үмүттүн жоктугу картаң кылат.
(Хорхе Анхель Ливрага)
Үмүт – бул караңгыдан да жарыкты көрө билүү мүмкүнчүлүгү.
(Десмонд Туту)
Асман караңгылыгынан улам биз көп учурда эң жарык жылдыздарды да көрбөй калабыз.
(Ричард Эванс)
Кечээки күндөн сабак алып, бүгүнкү күн менен жашап, эртеңки күнгө үмүт кылыш керек.
(Альберт Эйнштейн)
Эң оор турмушта да үмүткө орун бар.
(Мишель Моран)
Сенин акыркы үмүтүң болгон кишини эч качан унутпаш керек.
(Сьюзен Коллинз)
Үмүт кооптуу нерсе. Ал сени жинди кылып коюшу мүмкүн.
("Шоушенскиден качуу" тасмасынан)
Киши өтө алгыс дубалдын баары жөнөкөй кирпичтерден куралган.
(Марк Мэнсон)
Убакытты өлүмгө коротсо да болот, жашоого коротсо да болот.
(Фредрик Бакман)
Китеп окуп жаткандай жаша. Ыр окуп жаткандай сүй.
(Альберт Бертран Бас)
Дүйнөдөгү эң улуу иштер жөнөкөй нерседен башталат.
(Харуки Мураками)
Аялдардын үмүтү күн нурунан куралган. Ал көлөкө түшсө эле жок болуп кетет.
(Элиот Джордж)
Үмүт – чынчыл болуп көрүнгөн калпычы.
(Ингерсол Роберт)
Эчтекеге белсенбеген киши эчтекеден үмүт кылбаса деле болот.
(Фридрих Шиллер)
Кейигенге караганда үмүт кылган жакшы.
(Иоганн Гете)
Айыгам деп үмүттөнүү – жарым жартылай айыкканга тете.
(Франсуа Вольтер)
Карылыктын келечеги жок, демек, үмүтү да жок.
(Татьяна Соловова)
Келечек жашоого ишенбеген киши бул дүйнөдө деле өлүк.
(Иоганн Гете)
Келечекте ар бирибиз Леонардо да Винчи боло алабыз.
(Жак Фреско)
Жыл өткөн сайын келечекти көрүү кыйын болуп баратат.
(Пабло Эскобар)
Биздин ар бир оюбуз келечекти жаратат.
(Луиза Хей)
Жаштардын көзү менен караганда жашоо – бул чеги жок, узак келечек, карылардын көзү менен караганда – кыска мезгилдик өтмүш.
(Артур Шопенгауэр)
Мамат Сабыров
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн