Билим берүү жана илим министрлиги 2025–2026-окуу жылына Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында конкурстук тандоонун башталганын жарыялайт.
Ведомстводон билдиришкендей, Казакстан тараптан кыргызстандыктар үчүн төмөнкү программалар боюнча 50 квоталык орун берилди:
- Бакалавриат — 25 орун
- Магистратура — 20 орун
- Медициналык билим берүү — 5 орун
Багыттар боюнча квоталардын бөлүштүрүлүшү:
- Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, инженердик, кайра иштетүү жана курулуш тармактары, айыл чарба жана биоресурстар — 15 орун (бакалавриат — 10, магистратура — 5);
- Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо (медицина) — 5 орун (медициналык билим берүүнүн үзгүлтүксүз интеграцияланган программасы);
- Педагогикалык илимдер, искусство жана гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, журналистика жана маалымат, бизнес, башкаруу жана укук — 10 орун (бакалавриат — 5, магистратура — 5);
- Казак улутундагы Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча — 20 орунга чейин (бакалавриат — 10, магистратура — 10).
Документтерди тапшыруу жана каттоо
Конкурска катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg сайтына кирип, 2025-жылдын 10-майы, саат 23:59га чейин бардык керектүү документтерди жүктөп, каттоодон өтүшү керек.
Керектүү документтердин тизмеси:
- Сүрөтү жана колу коюлган арыз;
- Кыргызча жана орусча резюме;
- Паспорттун (улуттук жана чет өлкөлүк) көчүрмөлөрү;
- Орточо балл көрсөтүлгөн билим берүү документтери;
- Медициналык маалымкаттар (форма №086, ВИЧ/СПИД);
- Мотивациялык эссе;
- Сунуш кат;
- Соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
- Үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;
- Байланыш маалыматтары (телефон номери жана e-mail).
Толук болбогон документтер кабыл алынбайт.
"Арыздарды кабыл алуу аяктагандан кийин техникалык текшерүү жүргүзүлөт. Текшерүүдөн өткөн талапкерлер тандоо сынактарына чакырылат. Сынактардын жыйынтыгы боюнча сунушталган талапкерлердин тизмеси түзүлүп, казак тарапка жөнөтүлөт. Акыркы чечимди казак тарап кабыл алат", - деп айтылат маалыматта.
Маанилүү: Бардык жол кире жана башка чыгымдар катышуучулардын өз эсебинен болот.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону:
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн