Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 06:49
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Казакстанда коронавирустун көбөйүшүнөн улам чектөөлөр күчөтүлдү

18.06.2020 16:32
1158
Казакстанда коронавирустун көбөйүшүнөн  улам чектөөлөр күчөтүлдү


Казакстан 20-21-июндан тарта бир катар шаарларда карантиндик чектөөлөрдү күчөтөт. Бул тууралуу казак өкмөт башчысынын расмий сайтында жарыяланды. 


"Казакстандын бир катар аймактарында коронавирустук инфекциянын көбөйүшүн эске алып, Нур-Султан, Алматы, Караганда, Чымкент, Павлодар жана Экибастуз шаарларында чектөө чараларын киргизүүнү чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта. 


18-июнга карата Казакстанда 15 877 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Ооруну 6831 адам симптому жок алып жүрсө, илдеттен жалпы 100 киши көз жумду.


Өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден да коронавирус аныкталган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн