Кулжа 14, 2025
Убакыт: 11:20
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Казакстанда коронавирус аныкталды.Чек ара жабылабы? - МЧКнын жообу

13.03.2020 17:04
983
Казакстанда коронавирус аныкталды.Чек ара жабылабы? - МЧКнын жообу


Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек араны жабуу тууралуу азырынча тапшырма жок. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан "Media center" мультимедиялык маалыматтык-агенттигине билдирди.


Алардын маалыматы боюнча, мамлекеттик чек аралардын ортосундагы каттамдарды токтотуу маселесин Чек ара кызматы чечпейт.


"Бул суроо биздин ведомствонун компетенциясына кирбейт. Мындай маселени өкмөт чечет. Азырынча кыргыз-казак чек арасын жабуу тууралуу буйрук түшө элек", - деп билдирди басма сөз кызматы. 


Эске салсак, Казакстанда коронавирус илдетине 1 аял жана 1 эркек киши кабылганын Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов маалымат жыйында айткан эле. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн