Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарынын Вашингтон шаарына жумушчу сапарынын алкагында Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышат.
Иш сапардын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын жетекчилиги, анын ичинде операциялык ишмердүүлүк боюнча башкаруучу директор Анна Бьерде жана Европа жана Борбордук Азия аймагы боюнча вице-президент Антонелла Бассани менен жолугушуу пландаштырылууда.
Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун учурдагы портфелине тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн, ошондой эле артыкчылыктуу тармактарда кызматташууну кеңейтүү келечегин талкуулоо күтүлүүдө. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу стратегиялык маанилүү долбоорун илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюу пландаштырылууда.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиевдин кыргыз-америкалык ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү – АКШнын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен тегерек столго катышуусу пландаштырылган.
Иш сапардын алкагында минкаб башчысы ошондой эле алдыңкы америкалык корпорациялардын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрөт, бул Кыргызстандын инвестициялык потенциалын көрсөтүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташуунун конкреттүү механизмдерин талкуулоого мүмкүндүк берет.
Визиттин программасына Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) жана билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүктүн өкүлдөрү менен жолугушуулар киргизилген. Бул жолугушуулар билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө жана билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн каржылоону тартууга, ошондой эле келечектүү инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого ИӨБдүн катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоого багытталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн