Теке 30, 2025
Убакыт: 02:48
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.050
1.090

Касымалиев Денис Петрашовду дүйнө чемпионатында коло медаль жеңиши менен куттуктады

29.07.2025 13:45
31
Касымалиев Денис Петрашовду дүйнө чемпионатында коло медаль жеңиши менен куттуктады


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев телефон аркылуу сууда сүзүүчү Денис Петрашовду Сингапурдагы суу спорту боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип алышы менен куттуктады.


Адылбек Касымалиев Денис Петрашовдун 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө Кыргызстандын жаңы рекордун (58,88 секунд) жараткан жеңиши ата мекендик спорт үчүн тарыхый окуя экенин белгиледи. Ал Денис Петрашов дүйнөлүк чемпионаттын секисине көтөрүлгөн биринчи кыргызстандык сууда сүзүүчү болуп, өлкөнү эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп жатканын баса белгиледи.


Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле спортчунун таланттын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн машыктыруучуларына жана устаттарына ыраазычылык билдирди. Адылбек Касымалиев Денис Петрашов эрдиктин жана спортко берилгендиктин символу экенин, анын ийгилиги бүткүл Кыргызстан эли үчүн зор сыймык жана шыктандыруу экенин баса белгиледи. 


Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев Денис Петрашовго чың ден соолук жана Ата Мекен үчүн жаңы спорттук ийгиликтерди каалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн