Бугу 14, 2025
Убакыт: 15:03
USD
87.30
87.80
EUR
97.70
98.70
RUB
1.076
1.110

Караколдо аянты 2,52 га болгон соода базасы мамлекетке кайтарылды

14.05.2025 10:49
15
Караколдо аянты 2,52 га болгон соода базасы мамлекетке кайтарылды


Каракол шаарында жалпы аянты 2,52 гектар болгон "Каракол дүң-чекене соода базасы" мэриянын балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2000-жылы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын чечими менен Гебзе көчөсү 200 дарегинен (1 га) жер тилкеси Каракол соода базасына бекитилип берилген, мындан тышкары 2001-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын кийинки токтому менен жер тилкесинин аянты "мурдагы чечимдеги техникалык ката" деген жазуу менен 2,52 гектарга чейин көбөйтүлгөн.


Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган "Каракол дүң-чекене соода базасы" (мурдагы райондор аралык база) ыктыярдуу негизде Каракол шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн