Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 18:58
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Каракол-Эңилчек унаа жолуна көчкү түшүп, жол жабылды

03.03.2025 10:56
490
Каракол-Эңилчек унаа жолуна көчкү түшүп, жол жабылды


Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караган Каракол-Эңилчек унаа жолуна (Чоң-Ашуу) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. 


Транспорт министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта аймакты караган №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат. 


Белгилей кетсек, көчкү жолдун 82-чакырымына түшкөн. Жабыркагандар жок. 


Учурда Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда катуу бороон болууда. 


Кошумча маалымат берилет.


"Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат",-деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн