Кулжа 14, 2025
Убакыт: 16:50
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Кара-Сууда мектеп толугу менен өрттөнүп кетти

03.03.2021 11:14
1256
Кара-Сууда мектеп толугу менен өрттөнүп кетти

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Маданият айылында 2-мартта саат 18:28дер чамасында мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Султанов көчөсүндөгү №42 орто мектебинин жыгач устундуу шифер жабылган 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 20:15те өрт толугу менен өчүрүрүлгөн.

Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн