Кулжа 21, 2025
Убакыт: 12:28:01
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Кара-Көлдө кычкылтек концентраторлору жетиштүүбү? Мэрдин жообу

14.07.2020 14:06
1251
Кара-Көлдө кычкылтек концентраторлору жетиштүүбү? Мэрдин жообу


Кара-Көл шаарында пневмониядан жабыркаган 20 адам дарыланып жатат. Бул тууралуу мэр Ильяз Еркеев билдирди. 


Анын айтымында, жеңил формада ооруган адамдар үйүндө дарыланышууда. 


"Кара-Көл шаарында 3 ИВЛ аппарат, 11 кычкылтек концентратору бар. Эртең ишкерлер дагы 10 кычкылтек концентраторун алып келишет. Дагы жардам көрсөтөбүз дегендер бар. Аппараттар жетиштүү", - деди мэр. 


Дарыгерлер маалымдагандай,  "Энергетик" спорткомплексинде 7 күн мурун ачылган күндүзгү стационарга күнүнө 80ден ашык шаар тургундары кайрылып, медициналык жардам алышууда. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн