Теке 21, 2025
Убакыт: 19:48
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.105
1.130

Кара-Балта шаардык мэриясынын кызмат адамдары кармалды

21.07.2025 10:04
23
Кара-Балта шаардык мэриясынын кызмат адамдары кармалды


Кара-Балта шаардык мэриясынын кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Кара-Балта шаарын өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан бөлүнгөн 1 млрд сомду өздөштүрүүнүн алкагында товар жеткирүү жана кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүү учурунда катталган мыйзам бузуулардын негизинде шаардык мэриянын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. 


УКМКнын маалыматына ылайык, 2024-жылдан азыркы учурга чейин Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуу, асфальт-бетон төшөө жана "Кербен" базарын куруу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн тендерлер өткөрүлүп, анда "О К" жана "Р С" ЖЧКлары жеңүүчү деп табылган.


Тергөөнүн жүрүшүндө Кара-Балта шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы директору Б.А.С. кызмат абалынан пайдаланып, кол астында иштеген кызматкерерди ортомчулукка түртүп, аталган тендерлерди жогоруда көрсөтүлгөн ишканалардын пайдасына чечкендеги үчүн сый акыларды алган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө такталгандай, бул иштерди Б.А.С. Кара-Балта шаарынын мэри Д.М.Р.дин көрсөтмөсү менен жасаган.


"О К" жана "Р С" ЖЧК келишимдерде көрсөтүлгөн суммалардын 7 ден 15 пайызга чейинки бөлүгүн, шаардык мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын сатып алуу боюнча адиси И.Р.О.го өткөрүп берүүгө аргасыз болушкандыгы болжолдонууда. 


Тергөөнүн шектенүүсүнө ылайык: Кара-Балта шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы эсепчиси Р.Р.О. тендер жыйынтыктарын кайсы бир тараптын пайдасына чечүүдө, "откат" ыкмасын колдонуу менен алынган суммага барабар каражатты алдын ала аванстык төлөм иретинде төлөп берип, муну менен бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетишкен. 


Бул схема түздөн-түз Кара-Балта шаарынын мэри Д.М.Р.нын көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы жана тендерлерди ыйгаруу үчүн алынган акча каражаттары өз ара бөлүштүрүлүп жүргөндүгү – мэриянын "Капиталдык курулуш башкармалыгынын" адисинин жана башкы эсепчисинин көрсөтмөлөрү менен тастыкталды. 
Аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгына ылайык, келтирилген зыяндын көлөмү 26 миллион сомдон ашкандыгы аныкталды. 


Чогултулган материалдардын жана тергөө ыкчам материалдарынын негизинде 2025-жылдын 15-июль күнү аталган кызмат адамдары Б.А.С., Р.Р.О. жана И.Р.О. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.


Учурда УКМК тарабынан мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жана тиешеси бар башка адамдар тарабынан ушундай фактыларды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн