Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 23:51
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Камчы Көлбаев менен эч кандай байланышым жок. Өмүрбек Бакиров Ысык-Көлгө барганы тууралуу түшүндүрмө берди

28.12.2022 15:39
649
Камчы Көлбаев менен эч кандай байланышым жок. Өмүрбек Бакиров Ысык-Көлгө барганы тууралуу түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тараткан маалыматты четке какты.

Бул тууралуу ал жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.


Анын айтымында, ал Ысык-Көлдөгү "Барс" эс алуу комплексинен жол катар кымыз ала кетүү үчүн кирген.


"Менин жардамчым Ысык-Көлдөн болот. Видео тартылган күн иш күнү эмес. Дем алыш эле. Жардамчым экөөбүз барганбыз.

Үйгө кымыз ала кетели деп "Барс" эс алуу комплексине киргенбиз. Ал жерде мен Камчы Көлбаев менен жолугушкан эмесмин. Курулай доомат кылбаш керек. Эгер далилдери болсо, сүрөт, видеолорун чыгарсың. Менин Камчы Көлбаев менен эч кандай байланышым жок",- деди депутат Бакиров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн