Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 12:53
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.060
1.090

Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери “МаскаКийипЖүр” аталышындагы флешмоб өткөрдү

23.03.2020 17:59
815
Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери “МаскаКийипЖүр” аталышындагы флешмоб өткөрдү

 

Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери "Маска кийип жүр" аттуу флешмобун өткөрүштү. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, кардарларды жана кызматкерлерди коронавирус инфекциясын жуктуруудан жана жайылышынан коргоо максатында мындай чакырык өткөн.


Ошондой эле, калкты тейлөө борборуна келгендерди беткап кийүүгө үндөп, бардык мекемелерди антисептик менен камсыз кылып, имараттарды дезинфекциядан өткөргөнү айтылат.


Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги жарандарды ден соолугун сактап, өзгөчө кырдаал режиминде кабыл алынган чаралардын алкагында элдин көп чогулушун болтурбоо үчүн, КТБга өтө зарылчылык болгондо гана кайрылууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн