Кулжа 22, 2025
Убакыт: 00:01
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Казакстандын өкмөтү отставкага кетти

05.02.2024 16:35
1848
Казакстандын өкмөтү отставкага кетти


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандын өкмөтүн отставкага кетиргенин Акорда сайты билдирди.


«Казакстан Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык, өкмөттүн отставкасын кабыл алуу жөнүндө токтом кабыл алам», - деп айтылат мамлекет башчынын жарлыгында.


Казакстан Республикасынын Премьер-министринин милдеттери убактылуу Роман Склярга жүктөлдү, деп белгиленет жарлыкта.


«Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат», - деп чечкен президент.


Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн