Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 09:04
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кадамжай районунда курал-жарактар сакталган жай табылды

16.06.2022 09:47
1041
Кадамжай районунда курал-жарактар сакталган жай табылды

Кадамжай районунда курал-жарактар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка таянсак, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. 

 

  Анын жүрүшүндө Кадамжай районунун тургуну Э.Р.Б. кармалып, жашаган жеринде тинтүү иштери болгон.

 

  Натыйжада 222ден ашык (5,45, 7,63) ар кандай калибрдеги ок-дарылар, 3 даана ок атуучу курал, 1 даана Ф-1 гранатасы, 230 даана ок, АК-74 магазини, мылтык үнүн баскычы табылып алынды. 


     Азыркы учурда Э.Р.Б. Кадамжай районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү процессуалдык иш-аракеттер көрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн