Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 23:54
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

ӨКМге 71 млн долларга эки тик учак алуу пландалууда

10.03.2025 15:24
131
ӨКМге 71 млн долларга эки тик учак алуу пландалууда


ӨКМге 71 миллион долларга эки тик учак алуу пландалууда. Бул тууралуу министрдин орун басары Эделбек Кулматов билдирди.


Анын айтымында, техника издөө-куткаруу иштерине багытталат.


"71 миллион долларга эки тик учак алуу пландалууда. ӨКМге буга чейин үч тик учак алынган. Алар — төрт, алты адам баткан жана Россия тарабынан берилген МИ-8 тик учактары. Эми Кореядан чыккан KUH-1 тик учагын жабдыктары менен чогуу алып жатабыз. Ал түндө, начар аба ырайында, тоолуу аймактарга дагы уча алат. 2,5 тоннага чейин жүк жеткирип, өрткө каршы суу ташыган челеги болот. Мындай тик учак бизде жок", — деди Кулматов.


Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетте былтыр 3-декабрда Сеулда кол коюлган макулдашуу экинчи окууда каралууда. Ага ылайык, 2025-2029-жылдар аралыгында Корея Кыргызстанга инвестициялык долбоорлорго 500 миллион доллар бөлөт.


Каражат 40 жылга 0,1 пайыз менен алынып жатканы жана анын 10 жылы жеңилдетилген мөөнөт экени белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн