Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:44
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

КМШ мамлекет башчыларынын кеңеши 2023-жылы Бишкекте өтөт

14.10.2022 16:27
670
КМШ мамлекет башчыларынын кеңеши 2023-жылы Бишкекте өтөт

Астанада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынында 2023-жылы уюмга төрагалык кылуу маселеси каралды.


Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, делегациялардын башчылары төрагалыкты Кыргызстанга, ал эми тең төрагалыкты Россияга жана Казакстанга өткөрүп берүү чечимине келишти.


Кыргызстандын сунушу менен КМШ МБК кезектеги жыйынын 2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн