Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев “Росатом” атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Николай Спасский менен жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Уран казып алуудан жапа чеккен мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо” жөнүндө өлкөлөр аралык максаттуу программасын аяктоо боюнча негизги маселелерди, ошондой эле уран казып алуу жана кен казуу иштеринин кесепеттеринен жабыркаган аймактарды реабилитациялоо боюнча КР министрлер кабинети менен Россия Федерациясынын өкмөтү ортосунда кызматташуу тууралуу Сочи шаарында 2024-жылдын 26-мартында кол коюлган Макулдашууну ишке ашырууну талкуулашты.
Өз кезегинде «Росатомдун» өкүлдөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилигине Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында уран калдыктары жайгашкан объектилердеги иштердин жүрүшү тууралуу маалымат беришти.
Белгиленгендей, долбоордун жыйынтыкталуусу үстүбүздөгү жылдын август айына күтүлүүдө жана аны Миң-Куш айылында салтанаттуу иш-чара, анын ичинде тоо-кен тармагынын тарыхына жана эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгына арналган мемориалдык стелланын ачылышы менен коштоо пландалууда.
"Мындан тышкары, Кажы-Сай, Кызыл-Жар №12, Кара-Таш (Тоо-Моюн), Сумсар и Кан калктуу конуштарын реабилитациялоо этаптары талкуулашты",-деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн