Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 12:21
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

ӨКМ: Жумгалда дайынсыз жоголгон жарандарды издөө иштери күчөтүлдү

29.10.2024 13:02
201
ӨКМ: Жумгалда дайынсыз жоголгон жарандарды издөө иштери күчөтүлдү


Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон жарандарды издөө иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-октябрда издөө иштерин жүргүзүүгө 42 куткаруучу, 35 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 10 адам, 6 дрон тартылды.

Эскерте кетсек, 16-октябрда Жумгал районундагы Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары мал кайтарууга жайлоого кетип, кайтып келген эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн