Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 00:39
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчиси менен сүйлөштү

08.04.2020 14:14
1266
Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчиси менен сүйлөштү


Бүгүн, 8-апрелде, Президент Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М.Х.Хаджар менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Сооронба Жээнбеков Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө, анын ичинде коронавирустун жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.


Ошондой эле, президент аталган илдеттин жайылышынын социалдык-экономикалык залакаларын жумшартуу үчүн Кыргызстанга көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну сунуш кылган.


Ал эми, ИӨБ Кыргызстанга тиешелүү колдоо көрсөтүү маселесин карай тургандыгына ишендиргени айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн