Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 09:11
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Ысык-Көлгө эс алууга келип, дайынсыз жоголгон кыздын денеси табылды

Ысык-Көлгө эс алууга келип, дайынсыз жоголгон кыздын денеси табылды

Ысык-Көлгө эс алууга келип, дайынсыз жоголгон кыздын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.


15 июль күнү Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району. Ала-Көл жайлоосунда Орусия Федерациясынан келген 5 турист-бир үй бүлө (1970-ж.т. К.А. эркек киши, 1969-ж.т. К.Г. аял, 2010-ж.т. К.М. жаш бала - баардыгы Орусия Федерациясынын жарандары жана 1992-ж.т. К.В. жана 1996-ж.т. К.Л. аялдар - Казакстан Республикасынын жарандары) эс алып жүрүп, алардын ичинен 1992-ж.т. К.В. аттуу аял дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн (акыркы жолу Каракол дарыясынын жанында болгон). 16-июлунан 21-июлуна чейин куткаруучулар тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжа болгон эмес.


Бүгүн Ала-Көл жайлоосунда Каракол суусунда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 6 куткаруучу тартылып, адамдын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Табылган адамдын жансыз денеси 1992-ж.т. К.В. аттуу аял экендиги аныкталган. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн