Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 10:22
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Ысык-Көлдүн жаңы башчысы эки жетекчиге эскертүү берди

30.07.2020 15:23
836
Ысык-Көлдүн жаңы башчысы эки жетекчиге эскертүү берди


Бүгүн, 30-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө жыйын болуп, облустагы эпидемиологиялык абал талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 


Маалыматка караганда, жыйында Жети-Өгүз району коронавирус жуктургандардын саны боюнча облуста алдыңкы орунда экени белгиленип, акимге жана ыкчам штабдын башчысына маселени тезинен көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди. 


Учурда Жети-Өгүз районунда коронавирус жуктурган 180 бейтап дарыланып жатат. 


Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 631 адамдан аныкталды. Анын ичинен 94 учур Ысык-Көл облусунда катталган. 


Бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Көл облусунда 2 533 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды. Алардын ичинен 1523 бейтап айыгып, тилекке каршы 81 киши каза болду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн