Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 16:16
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан жеңил унаадагы 4 адам каза болду

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан жеңил унаадагы 4 адам каза болду

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районун Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 98-чакырымында (Комсомол айылы) Volvo менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталган.


Кырсыктын кесепетинен 4 адам үч эркек жана бир аял киши каза болгон (аты-жөндөрү такталууда).


Жерине Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн