Кулжа 23, 2025
Убакыт: 23:01:02
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Ысык-Көлдө жеңил унаалар кагышып, 3 адам жабыркады

19.08.2020 09:37
992
Ысык-Көлдө жеңил унаалар кагышып, 3 адам жабыркады


Ысык-Көл облусунда жеңил унаалар кагышып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тоң районунун Туура-Суу айылында “Фольсваген Гольф” жана “Ауди” унаалары сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жеңил жаракат алышкан (2002-жылы туулган, 2002-жылы туулган жана 1986-жылы туулган).

Куткаруучулар жана тез жардам кызматкерлери биргеликте жабыркаган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн