Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 05:34
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Ысык-Көлдө "Спринтер" 4 жылкыны сүзүп кетти

15.10.2021 12:52
954
Ысык-Көлдө "Спринтер" 4 жылкыны сүзүп кетти

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Балтабай жана Кытай айылдарынын ортосунда «Мерседес-Бенц Спринтер 313» үлгүсүндөгү унаа менен 4 жылкынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.


Маалыматка караганда, кечээ, 14-октябрь күнү саат 15:35 чамасында Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 211-чакырымында Дархан айылынын 1988-жылы туулган тургуну А.Д. «Мерседес-Бенц Спринтер 313» үлгүсүндөгү унаасы менен чоң жолдо баратып, байкоосуздан 4 жылкыны сүзгөн.


Кырсыктын кесепетинен 4 жылкы тең мүрт кетти. Автоунаага материалдык чыгым келтирилди. Ал эми айдоочу ооруканага кайрылган эмес, абалы туруктуу.


Булак: "Турмуш"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн