Теке 11, 2025
Убакыт: 14:01
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.118
1.135

Ысык-Көлдө эки жаңы суу сактагыч курулууда

11.07.2025 09:51
24
Ысык-Көлдө эки жаңы суу сактагыч курулууда


Ысык-Көл облусунун Тоң районунда "Күн-Чыгыш" жана "Төрт-Күл" айыл аймактарынын аймагында стратегиялык мааниге ээ болгон "Үч-Коргон" суу сактагычынын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.


Суу сактагыч географиялык жактан эң ыңгайлуу жайгашкан — үч тарабын тоолор курчаган саздак аймак, болжолдуу аянты 70 гектарды түзөт. 


Суу сактагыч жалпы 4 113 гектар сугат жерди суу менен камсыздайт, анын ичинде Тоң, Күн-Чыгыш, Төрт-Күл жана Б.Мамбетов айыл аймактарынын айдоо жерлери бар. Мындан тышкары, 817 гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, дагы 2000 гектар аз суу алган аймактарга сугат суу жеткирүү жакшыртылат.


Суу сактагыч 4,3 млн м³ көлөмдөгү суу сактоого жөндөмдүү болот. Монолит темир-бетондон курулуп жаткан суу берүүчү башня секундуна 17,7 м³ суу өткөрө алат.


Бүгүнкү күнгө карата жалпы курулуштун 85% ийгиликтүү аткарылды.


Мындан тышкары, Тоң районундагы Ак-Сай өзөнүнүн "Чокмор-Ата" участкасында жаңы күнүмдүк жөнгө салуу бассейини курулууда.


Бул суу сактагыч жалпы 1 854 гектар сугат аянтын суу менен камсыздоого багытталган. Учурда суу жетишсиздигинен улам 260 гектар үлүш жер сугарылбай келет. Жаңы суу сактагыч курулса, бул жерлерге кошумча 150 гектар жаңы сугат жер кошулуп, жалпысынан 700-750 гектар аянттын суу менен камсыздалышы жакшырмакчы.


Суу сактагычтын долбоордук сыйымдуулугу 1,4 млн м³ түзөт. Суу топтоочу дамба курулат.


Жогоруда аталган эки суу сактагыч Тоң районундагы сугат суунун тартыштыгын чечүүгө жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн