Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектиси капиталдык реконструкциядан кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Бирок мэриядан такташкандай, Түштүк магистралдан Ынтымак Ордо резиденциясына чейинки тилкеде убактылуу чектөөлөр киргизилет: унаалар үчүн түнкүсүн жол кыймылы жабылат.
Буга чейин проспекти саат 21:00дөн 07:00гө чейин жөө адамдар өтүүчү аймак болору маалымдалган. Бирок бүгүн график өзгөртүлгөнү белгилүү болду — эми саат 22:00дөн 05:00гө чейин жол жүрүүгө тыюу салынган.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим «кечинде жана түнкүсүн жөө жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуу эс алуусун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында» кабыл алынган. Бул сааттарда аймак сейилдөөлөргө, көчө спектаклдерине жана убактылуу жарманкелерге берилет.
Чектөөлөр азырынча тесттик режимде болот, ачылгандан кийинки алгачкы күндөрү кире бериште МАИ кызматкерлери нөөмөттө болуп, чектөөлөр тууралуу алдын ала эскертишет. Тиешелүү жол белгилери да орнотулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн