Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 15:46
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды

16.10.2023 09:29
1027
Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды


Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жаратылышы - туристтик потенциалы жагынан бир катар олколордон алдыда турат. Кудай бизге төрт мезгилди өз убагында берген. Ошол эле кезде төрт мезгилди бир убакта көрсө болот.

"Тилекке каршы көп убакыттардан бери туристтерге шарттар түзүлгөн жок. Союз мезгилинде курулган имараттардын кызмат көрсөтү мөөнөтү эбак эле бүткөн.

Акыркы эки жылда курулуш тармагы жанданды деп айтсам болот. Анын катарында эс алуучу жайлар, коттедждер, 5 жылдыздуу мейманканалар курулуп, оңдолуп жатат.

Бүгүн, Ысык-Көлдө дагы бир 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Бул заман талабына ылайык, бардык мүмкүнчүлүктөрү бар, сейил багы менен мейманкана болот.

Кыргызстан мындан ары мыйзам үстөмдүк кылган, ар бир жаран тартипке баш ийген, туристтер жана инвесторлор үчүн эң коопсуз өлкөгө айланат. Ийгилик, жакшылыктар болсун достор!", - деп жазды ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн