Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:32
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

“Ысык-Көл тамырын" муздак абалда ичкен адам 5 мүнөт аралыгында көз жумат

16.04.2021 14:46
1104
“Ысык-Көл тамырын" муздак абалда ичкен адам 5 мүнөт аралыгында көз жумат

 “Ысык-Көл тамырын” (чөптүн кайнатмасы) муздак абалда ичкен адам 5 мүнөт аралыгында көз жумат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.


Бейшеналиев “Ысык-Көл тамырын” муздак ичпеш керектигин белгиледи.


“Дарыдан кийин муздак суу ичпөө жана балмуздак жебеши кажет. Уу коргошунду күнүнө 4 маал ичүү керек”, - дейт ал.


Министр “Ысык-Көл тамыры” бир эле жерде өсөрүн жана ал атайын курчалганын айтып өттү.


“Биз даярдап жаткан дары Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканада, Улуттук госпитал, Токмоктогу ооруканада, Ош ооруканасында берилип жатат”, - деди ал.


Эскерте кетсек, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Ысык-Көл” тамыры” аталышындагы (чөптүн кайнатмасы) уу коргошунду “Кабар” агенттигиндеги түз эфир учурунда ичти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн