Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 15:17
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү дирекциясынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

28.03.2022 12:12
566
Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү дирекциясынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Ысык-Көл областынын Тоң райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондун башкаруу Дирекциясынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду.  Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Текшерүүдө, Тоң районуна караштуу Төрт-Гүл айылындагы 200 орундуу маданият үйүнүн имаратын курууда Дирекциянын кызмат адамдары кызмат абалынан пайдалануу менен материалдык кызыкчылыктарды көздөп, подрядчылар менен алдын-ала макулдашууга барып, аткарылган иштердин актыларына жасалмаланган маалыматтарды жана иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды киргизишкендиги аныкталды. Натыйжада мамлекетке 2 млн 101 миң 192 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.


Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн