Кулжа 13, 2025
Убакыт: 20:33
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Ысык-Көл облусунда үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи уюшулду

03.03.2025 14:38
181
Ысык-Көл облусунда үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи уюшулду


Ысык-Көл облусунда үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи уюшулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.


Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отуз-Уул айылында “Адал Агро плюс” үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи уюшулду.  


Белгилей кетсек, аталган айыл чарба кооперативинин карамагында 200 гектар жер аянты жана айыл чарба техникалары бар.


Кооперативдин негизги максаты - сапаттуу үрөндөрдү алууда инновациялык технологияларды колдонуу болуп саналат.

Эске салсак, 2024-жылда республика боюнча 59 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн