Баш оона 05, 2025
Убакыт: 14:45
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.085
1.110

Ысык-Көл: Сел "Toyota Sienna" үлгүсүндөгү унааны агызып кеткен

31.07.2022 14:30
579
Ысык-Көл: Сел "Toyota Sienna" үлгүсүндөгү унааны агызып кеткен


Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында алдын ала маалымат боюнча кечээ, 30-июль күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 138-чакырымында "Toyota Sienna" үлгүсүндөгү унааны сел суулары Чу дарыясына агызып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Учурда жерине унааны издөө үчүн КР ӨКМнин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 5 куткаруучу тартылып, унаа изделип жатат.


Кошумча маалымат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн