Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 21:54
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Ысык-Атада 2500 майнинг-ферма аппараттары аныкталды

13.11.2021 10:49
582
Ысык-Атада 2500 майнинг-ферма аппараттары аныкталды



УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, КРнын электр тармактарына чоң зыян келтирген, Ысык-Ата районунун Дружба айылында мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан майнинг-ферма аныкталды. 


Сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизиндеги ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, чет өлкөлүк жарандар тарабынан күнөскана көрүнүшүндөгү 2500 даана тиешелүү жабдууларды орнотуу менен “майнинг-ферма” уюштурганы аныкталды. 


Азыркы учурда КР УКМК тарабынан аталган майнинг-ферманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, анын мыйзамдуулугун жана энергетика тармагына келтирилген зыянды эсептөө жана сервердик жабдыктарды өлкөгө алып келүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 


Тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн