Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 03:03
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

ИИМ: Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 10 % гана сотко өттү

20.01.2021 13:01
1041
ИИМ: Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 10 % гана сотко өттү


Кыргызстанда 2020-жылдагы үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 10% гана сотко өттү. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 20-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Маалыматка ылайык, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9025 фактыны каттоого алса, анын 947си гана сотко ашты.


«Катталган фактылардын 10% гана жоопкерчиликке тартуу үчүн сотко өткөрдүк»,- деген Урмамбетов териштирүү иштери уланып жатканын айтты.


Парламент жыйынында «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн