Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 13:14
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Хожент шаарында коронавирустан сактаган тумарлар сатылууда

02.11.2020 09:51
849
Хожент шаарында коронавирустан сактаган тумарлар сатылууда


Тажикстандын түндүк тарабындагы эң ири шаар Хожентте коронавирустан “сактаган” тумарлар (талисман) сатылууда. “Virus Shut Out” (ред: вируска бөгөт коюу) атуу жазуусу бар тумарлар эң популярдуу товарга айланганы кабарланууда.


Жергиликтүү тургундардын “Азаттыктын” тажик кызматына билдиргенине караганда, аталган заттын ичинде япончо жазылган химиялык зат бар. Жергиликтүү дарыгерлер корнавирустан эч кандай тумар сактабай турганын айтууда. Ал эми Хоженттин тургуну Рано аталган тумарды таккандан кийин өзүн жакшы сезип калганын билдирген. “14-октябрда сатып алгам. Бир айдан кийин кайра жаңысын алам. Муну таккандан кийин өзүмдү жакшы сезип калдым. Мындай тумарлар аптека эле эмес, дүкөндөрдө да сатылууда. Анын баасы 10 сомониден 30 сомониге (70-210 сом) чейин турат”, - дейт ал.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн