Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 12:23
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Грузияда Михаил Саакашвили тогуз жылга эркинен ажыратылды

12.03.2025 13:15
1360
Грузияда Михаил Саакашвили тогуз жылга эркинен ажыратылды


Грузияда мурдагы президент Михаил Саакашвили 3 миллион 200 миң доллардан ашык каражатты кымырып алган деп 9 жылга соттолду. Бул тууралуу Mtavari Arkhi телеканалы билдирди.


Экс-мамлекет башчысынын коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Теймураз Жанашия да күнөөлүү деп табылып, ага 1 миң доллардан ашык айып салынган.


Тбилиси шаардык соту Михаил Саакашвилини мамлекеттик каражатты уурдоо боюнча күнөөлүү деп таап, тогуз жылга эркинен ажыратканы такталды. Өкүмдү судья Бадри Кочламазашвили окуду.


Учурда Украинанын жараны болгон Михаил Саакашвили 2013-жылы Грузиядан чыгып кеткен, андан кийин өлкөдө ага каршы төрт кылмыш иши козголуп, анын экөөсү сыртынан үч, дагы алты жылга эркинен ажыратылган. Оппозициянын 2007-жылдын 7-ноябрындагы митингин таркатуу, грузин телекомпаниясынын кеңсесин талкалоо жана 9 миллион лари (3,2 миллион доллардан ашык) өлчөмүндөгү мамлекеттик каражаттарды уурдоо боюнча иштер каралууда.


2021-жылдын октябрында мурдагы президент Грузияга жашыруун келген, бирок кармалган, андан кийин ага чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып тагылган. 2022-жылдын май айында ден соолугунун начарлашына байланыштуу Михаил Саакашвили Тбилисидеги жеке менчик "Вивамед" клиникасына жеткирилген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн