Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:13
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Францияда президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыгып, нааразылык акциялары башталды

25.04.2022 03:28
996
Францияда президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыгып, нааразылык акциялары башталды

24-апрель күнү Францияда президенттик шайлоонун экинчи туру болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.


Өлкөнүн ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча учурдагы президент Эмманюэль Макрон 57 пайыздан ашык добуш топтогон, ал эми Марин Ле Пен 42 пайыздан ашыгыраак добуш алган.


Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы угузулгандан кийин шайлоо жыйынтыгына нааразы жарандар көчөгө чыкты. Алар шайлоо жыйынтыгы менен макул эместигин билдирүүдө.


Жеңилип калган Ле Пен шайлоо жыйынтыгын тааный турганын, мындан ары да Франция үчүн кызмат кылууну улантарын билдирди.


Ал эми экинчи мөөнөткө президент болуп шайланып бара жаткан Макрон экинчи мөөнөтү ал үчүн оор болорун, ошентсе да ал экологиялык кризис менен күрөшөрүн билдирди.





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн