Кулжа 15, 2025
Убакыт: 22:07
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Финполдун тергөөчүлөрү прокуратурага кабыл алынат

22.07.2021 13:38
593
Финполдун тергөөчүлөрү прокуратурага кабыл алынат

Финансы полициясынын мурунку тергөөчүлөрүн жумушка чакырабыз. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев 22-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Депутат Айбек Алтынбеков "Финансы полициясында тажрыйбалуу адистер иштешкен, бирок бүгүн алар жумушсуз. Бул кызматкерлерге жана тергөөчүлөргө сынак жарыяланабы?" деди.


"Биз Финансы полициясынын 15% тергөөчүлөрүнүн жеке документтерин алып, азыр карап жатабыз. Биз аларды сөзсүз түрдө жумушка алабыз, анткени бизде дагы тергөөчүлөр жетишсиз. Тажрыйбалуу тергөөчүлөр кандайдыр бир себептер менен пенсияга чыгышкан же жумуштан кетишкен",- деди Башкы прокурор.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн