Курулуш тармагындагы кесипкөй адистер кызматка чакырылат. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, “Г-“ категориясындагы административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыяланды.
Сынактын алкагында 26-майдан 4-июнга чейин төмөнкү бош кызматтарга документтер кабыл алынат:
- мамлекеттик секторду аудиттөө башкармалыгынын курулуш боюнча мамлекеттик инспектору — 1 бирдик;
- экономика тармактарын аудиттөө башкармалыгынын курулуш боюнча мамлекеттик инспектору — 1 бирдик.
Мындан тышкары, 22-майдан 31-майга чейин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустарындагы аймактык бөлүмдүн курулуш боюнча мамлекеттик инспекторунун бош кызмат ордуна талапкерлерди кабыл алуу мөөнөтү узартылды (1 бирдик).
Аталган кызматтар мамлекеттик объектилерге жүргүзүлүүчү аудиттик текшерүүлөрдө курулуш документациясын талдоо, инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышынын натыйжалуулугун жана шаар куруу талаптарынын сакталышын баалоо боюнча эксперттик ишти камтыйт.
Эсептөө палатасынан белгилешкендей, курулуш тармагындагы кесиптик экспертиза мамлекеттик отчеттуулук жана ачык-айкындуулук үчүн өтө маанилүү.
"Мындай адистердин ишинин сапатынан текшерүүлөрдүн ишенимдүүлүгү гана эмес, инфраструктурага — мектептерге, ооруканаларга, жолдорго жана өлкө үчүн маанилүү башка объектилерге жумшалган бюджеттик каражаттардын натыйжалуулугу көз каранды", - деп кошумчаланды.
Бош кызмат орундар тууралуу кеңири маалыматты Эсептөө палатасынын расмий сайтынын жарыялар бөлүмүнөн, ошондой эле төмөнкү даректерден алса болот: Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 131-үй.
Тел.:
Факс:
Электрондук почта:
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн