Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 00:07
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Эртеңден тарта Бишкек-Каракол багыты боюнча авиакаттамдар аткарыла баштайт

18.12.2024 12:16
334
Эртеңден тарта Бишкек-Каракол багыты боюнча авиакаттамдар аткарыла баштайт


Эртең, 19-декабрдан тарта Бишкек-Каракол, Каракол-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар "Асман Эйрлайнс" мамлекеттик авиакомпаниясы тарабынан аткарыла баштайт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов билдирди.

Анын айтымында, жумасына 2 жолу бейшемби жана жекшемби күндөрү аталган багыт боюнча учактар каттайт. Билеттин баасы 3100 сомдон башталат, лыжа жана сноубордторду учакка алуу акысыз. 

“Билеттерди asmanairlines.kg же App Store, Google Play`ден asmanairlines.kg тиркемесин жүктөп алып, ошол жерден сатып алсаңыздар болот. Ош-Каракол, Каракол-Ош багыты боюнча каттамдар тууралуу маалыматты жакын арада кабарлайбыз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 11-декабрда Ысык-Көл облусундагы “Каракол” эл аралык аэропорту модернизациялоо иштеринен кийин ачылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн