Кулжа 15, 2025
Убакыт: 01:35
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Эртең Бишкектеги 3 конушта таза суу өчүрүлөт

09.11.2022 12:03
420
Эртең Бишкектеги 3 конушта таза суу өчүрүлөт

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 10-ноябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарына таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципиалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Ак-Жар», «Ак-Бата» суу алгычтарында жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн