Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 23:09
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Эртең «Ала-Арча» жаратылыш паркы бардык унаалар үчүн жабылат

29.04.2025 17:40
38
Эртең «Ала-Арча» жаратылыш паркы бардык унаалар үчүн жабылат


30-апрелде «Ала-Арча» жаратылыш паркы бардык унаалар үчүн жабылып, санитардык күн жана асфальт төшөө иштери жүрөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бу күнү келген конокторго да чектөө болот. 


"Урматтуу жарандар! 2025-жылдын 30-апрелинде «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында санитардык күн өткөрүлөт. Территорияны тазалоо жана жаңыланган көзөмөл-өткөрмө пунктунун (КӨП) аймагына жаңы асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.


Бул себептен улам, бардык түрдөгү автотранспорт каражаттарынын кирүүсү жана чыгышы толугу менен жабылат.


Паркка кирүү жөнөкөй жарандар үчүн жабык болот, ал эми мейманканаларды алдын ала номер брондогон же ресторандардан бронь жасоону пландаган коноктор үчүн гана кирүүгө уруксат берилет.


Ошондой эле, парк ичинде жүрүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилет.


2025-жылдын 1-майынан баштап парк кадимки тартипте иштей баштайт.


Эскерте кетсек, 1-майдан тартып парк аймагына бир гана электромобилдерге уруксат берилет.


Дизель, бензин жана газ менен жүрүүчү унаалардын кирүүсүнө тыюу салынат.


Түшүнүү менен кабыл алып, сапар пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранабыз!",-деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн