Кулжа 13, 2025
Убакыт: 15:59
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Эр-Риядда Кыргызстан жана Сауд Аравиянын маданият күндөрүн өткөрүү маселеси талкууланды

21.12.2023 12:43
471
Эр-Риядда Кыргызстан жана Сауд Аравиянын маданият күндөрүн өткөрүү маселеси талкууланды


Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов аталган өлкөнүн маданият министринин орун басары Фахад Аль-Канаан менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 19-декабрда Эр-Рияд шаарында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар Кыргыз Республикасы жана Сауд Арабиянын маданият күндөрүн өз ара өткөрүү, ошондой эле чыгармачыл делегациялар менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

"Тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда маданият тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюуну тездетүүгө эки тараптын тең кызыкдар экенин ырасташты", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун соңунда элчи У.Марипов Фахад Аль-Канаанды Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн