Баш оона 11, 2025
Убакыт: 21:48
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.090
1.125

Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына катышты

16.01.2024 15:40
393
Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына катышты


Депутат Эмил Жамгырчиев (Альянс) өзү мүчө болгон Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча комитетинин 16-январдагы жыйынына келди.


Белгилей кетсек, эл өкүлү 9-январда парламенттин 2-кабатынан секирип качып кеткен.


10-январда Башкы прокурордун депутатты мыйзам жоопкерчилигине тартуу боюнча суранычын депутаттык комиссия оң жообун берген.


Жамгырчиевге 2022-жылдын декабрь айында Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн иш козголду. Өзбекстанда эки иш козголгон: мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана алдамчылык фактысы боюнча.


Анын кайда экени 12-январга чейин белгисиз болгон. Ошол күнү ал УКМКга суракка келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн